Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну жоюу пландалууда

08.12.2022, 13:38 Акчабар
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну жоюу пландалууда

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну жоюу пландалып, учурда мыйзам долбоору парламентте каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев билдирди.

Мөөнөтүнөн мурда эркектер 60, аялдар 55 жашта пенсияга чыга алышмак. 

“Азыр Министрлер кабинети бул норманы алып салуу боюнча сунуш киргизди. Парламенттин тармактык комитети мыйзам долбоорун буга чейин жактырган. Биз мыйзам долбоорун кийинки жумада жыйынга алып чыгабыз”, - деди ал.

Алиев өлкөдө пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөй турганын, азыр эркектер 63, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгаарын белгиледи. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу