Карызга акча бергендер мындан ары жоопкерчиликке тартылат

23.09.2021, 16:30 Акчабар
Карызга акча бергендер мындан ары жоопкерчиликке тартылат

Ушул 17-сентябрынан тарта өлкөдө Жарандык кодекстин (ЖК) карыз берүү бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди. Оңдоолорго ылайык, акча каражаты түрүндө берилген карыздар насыя алуу ишине барабар болуп, Улуттук банктын лицензиясын алууну талап кылат.

"Юридическая фирма Конфиденс" ЖЧКсынын юристи Султан Калыбаевдин айтуусу боюнча, кодекске өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, аягы барып жаза жана жарандык сот иштерине айланып кетүүсү мүмкүн болгон жөнөкөй жарандардын, ошондой эле коммерциялык уюмдардын (каржы-насыя мекемелеринен сырткары) алакасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алат.

"КР ЖКга киргизилген өзгөртүүлөр жарандардын жана уюмдардын арасында карызга берилген акча каражатынын көлөмүнө чек коёт. Эгерде кайсы бир жаран бир айдын ичинде эки же андан ашык жолу карызга акча бере турган болсо, ал насыя берүүгө, башкача айтканда, банктын ишине барабар болуп, тиешелүү мамлекеттик органынан лицензия алууга туура келет. Азыркы учурда ЖКда болгон өзгөртүүлөр кайсы бир керектөөлөрү үчүн акча каражатына муктаж болгон физикалык жактарга насыя берүүчү коммерциялык уюмдардын экономикалык ишине тоскоолдук жаратууда (өзгөчө банктар менен каржы-насыялоо уюмдары баш тарткан учурда). Мисал үчүн буга мигранттарга авиабилет алып берүүчү жумуш менен камсыз кылуу жеке агенттиктеринин ишмердүүлүгү кирет. Мындай агенттиктердин ишинин чектелип калышы биздин жарандардын чет өлкөдө (Орусияда) ишке кирүүсүн төмөндөтүп, бул көрүнүш кыйыр түрдө жана жарым-жартылай болсо дагы мамлекеттеги жумушсуздук деңгээлин жогорулатат. Ошондой эле өзгөртүүлөр кыймылсыз мүлк тармагында, жарандарды кепилдиги менен ыкчам түрдө үй менен камсыз кылууда аз өлчөмдөгү насыя менен келишимдерди түзүүчү жогоруда аталган уюмдардын ишине да кедергисин тийгизет. Жеңилдетүүнүн ордуна жетектөөнү чыңдоого арналган ушундай сыяктуу өзгөртүүлөрдүн киргизилиши ишкердиктин эркиндигин чектейт, потенциалдуу карыз, насыя берүүчүлөрдүн экономикалык эркиндигин кыйгап өтүп, жарандардын жана коммерциялык уюмдардын экономикалык ишмердүүлүгүн татаалдаштырат. Мындай жол менен жарандар жана коммерциялык уюмдар (каржы-насыялоо мекемелеринен сырткары) карыз алуу-берүү тармагындагы мыйзамды бузган учурда КРнын Жаза кодексинин "мыйзамсыз ишкердик жана мыйзамсыз банк ишмердүүлүгү" деген 211-беренеси менен же КРнын Жоруктар кодексинин 97-статьясынын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн", - дейт Султан Калыбаев.

Юристтин ою боюнча жогоруда аталган өзгөртүүлөрдү абийирсиз карыз алуучулар өз пайдасына колдонуп кетиши мүмкүн экендигин айтат. Мисал үчүн, бул укукту пайдаланып, лицензиясы жок тараптар менен жүргүзүлгөнүнө такап, анын негизинде ортодогу ишти жараксыз деп таптыруу үчүн сот органдарына кайрылышы мүмкүн.

Тэги: карыз жарандык кодекс юрист жоопкерчилик насыя кылмыш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу
<
×