Орусия Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларына мектеп куруп берет. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Уланбек Үсеков билдирди.
Анын айтымында, Орусиядан тартылган мугалимдердин айлык акысын орус тарап төлөйт. Ар бир мектеп 1 миң 200 окуучуга ылайыкталат. Бир мектептин сметалык баасы 550 млн. сомду түзөт.
Белгилеп кетсек, Орусия Кыргызстанда жалпысынан 9 мектеп курууну пландоодо. Аларда билим берүү орус тилинде жүргүзүлүп, аттестаттар эки өлкөнүн үлгүсүндө берилет.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.