Кыргызстанда орус рублинин курсу төмөндөөдө

24.02.2022, 12:48 Акчабар
Кыргызстанда орус рублинин курсу төмөндөөдө

Кыргызстандын коммерциялык банктары жана акча алмаштыруучу жайлары орус рублин арзан сатып алууда. Тагыраак айтканда, бир рубль 0,70-0,90 сомдон сатылып алынса, 1,06-1,070 сомдон сатылууда.

“Кыргызстан коммерциялык банкында”,  “Керемет банкында” жана “Кыргыз инвестициялык кредит банкында”  рублдин сатып алуу курсу 0,70 сомдун тегерегинде,  сатуу 1,07 – 1,09 деп белгиленген.

Ал эми Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларында рублдин курсу 85 тыйындын тегерегинде кармалып турат.

Ошол эле учурда Улуттук банкта рублдин расмий курсу 1, 0545 сомду түздү.

Белгилей кетсек, Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу орус рублинин курсу түшүп баштаган.

Тэги: орус рубли сом. Кыргызстан Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу