Кыргызстанда пенсионердердин жарымы жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алат

09.03.2022, 12:32 Акчабар
Кыргызстанда пенсионердердин жарымы жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алат

Кыргызстанда пенсия алуучулардын саны 713 миң жаранды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, пенсия алуучулардын 49%ына жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпеген пенсия берилет.

“Учурда пенсиянын эң аз өлчөмүн жашоо минимумуна жеткирүү аракеттери жүрүп жатат”,- деди Алиев.

Ошондой эле ал 2022-жылга пенсияны көбөйтүүгө кошумча 700 млн сом каралганын айтып, азыркы болуп жаткан жагдайларга байланыштуу министрлер кабинети да бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү караштырып жатканын белгиледи.

“Жылдагыдай эле 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйтүлөт. Пенсиянын базалык бөлүгү 4 миң 300 сомду түзөт. Бул пенсионерлердин бардык категориясына тиешелү”,- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Социалдык фондунун  2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “Соцфонддун  2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү” жана “Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024 жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды.

Тэги: Социалдык фонд жашоо миниму пенсия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу