Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38% жогорулайт

14.09.2023, 09:00 Акчабар
Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38% жогорулайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орто эсеп менен 38 пайызга жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.

Ага ылайык, 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн индексациялоо коэффициенти 1,38 өлчөмүндө белгиленди. Тактап айтканда, 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38 пайыз, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт.

Бул үчүн дээрлик 4 миллиард сом каралды.

Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орто эсеп менен 1 миң 692 сомго көп.

Тэги: пенсия жарлык президент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу