Өлкөдө пияздын бардык түрүн тышка алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пиязды экспорттоого тыюу 2023-жылдын 31-январынан тарта үч ай күчүндө болот.
"Токтом өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк өнүмдөрүнүн бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.