Кыргызстанда TikTok расмий түрдө жабылды

19.04.2024, 13:31 Акчабар
Кыргызстанда TikTok расмий түрдө жабылды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына  тыюу салды. Бул тууралуу аталган министрлик расмий билдирүү таратты. 

Белгиленгендей, мындай чечим УКМКнын катынын негизинде кабыл алынган.

“Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы байланыш операторлоруна аталган кызматтын жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу кат жөнөткөн. Чечимдин кабыл алынышына аталган кызмат тарабынан КРнын “Балдардын ден соолугуна, ошондой эле балдардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Мыйзамынын 2-1-беренесинин талаптарын аткарбагандыгы негиз болгон”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: ТикТок социалдык тармак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу