Кыргызстанда санарип экономикасын каржылоо көбөйтүлөт. Каржы министрлигинен билдиришкендей, быйыл санариптик өнүктүрүү тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга 600 миллион сом бөлүнөт.
2023-жылы бул багытта 500 миллион сом каралган болчу.
Каражат жаңы маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, азыркыларды жаңыртууга жана маалыматтарды кайра иштетүүчү борборлорду курууга багытталат.