Кыргызстанда санариптик тахографтык карталарды чыгаруу пландалууда

19.04.2024, 10:28 Акчабар
Кыргызстанда санариптик тахографтык карталарды чыгаруу пландалууда

Кыргызстанда электрондук тахографтарга карточкаларды (чип карта) чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев баштаган мекеме кызматкерлери менен Эл аралык ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана Европа өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандык айдоочулардын катышуусунда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө маалым болду.

Анын алкагында 1970-жылдын 1-июлундагы Женева шаарында түзүлгөн Европа макулдашуусун жүзөгө ашыруу, анын ичинде Кыргызстандын аймагында электрондук тахографтарга карточкаларды даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер жана анын жүрүшүндө жаралган көйгөйлөр тууралуу маалымат берилди.

“Азыркы мезгилде картаны чыгаруучу компания карточкаларды сертифкаттоо боюнча иш алып барууда. Зарыл болгон үч сертификаттын экөө алынды. Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борборуна картанын шайкештик сертифкатын алууга арыз берилди. Болжол менен Кыргызстандын аймагында картаны (шайкештик сертифкатын алуу датасына жараша) май айынын аягынан тарта чыгаруу пландалууда”, - деп айтылат маалыматта. 

Санариптик тахограф - бул унаанын салонуна орнотулган жана анын кыймылынын параметрлерин, ошондой эле унаа жолдо жүргөн убактысын жазып турат. Ал ылдамдыкты, иш тартибин, айдоочулардын эс алуусун эсепке алууга арналган.

Тэги: санариптик тахограф унаа салону

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу