Кыргызстанда шаар жерлеринде жакырчылык өсүүдө

11.09.2023, 16:00 Акчабар
Кыргызстанда шаар жерлеринде жакырчылык өсүүдө

2022-жылы шаарлардагы жакырчылыктын деңгээли 2021-жылга салыштырмалуу 0,7 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Белгиленгендей, өткөн жылдын аягына карата шаар тургундарынын 34 пайызы жакырчылыктын чегинде жашары аныкталган. Айыл жеринде бул көрсөткүч 32,6 пайызды түзөт. 

"Өлкө боюнча жалпы жакырчылыктын деңгээли 2022-жылдын аягында 33,2 пайызды түздү. Бул 2021-жылдын деңгээлинен 0,1 пайызга аз. 2022-жылы 2 млн 333 миң адам жакырчылыктын чегинде жашаса, анын 62,2 пайызы айылдык конуштардын тургундары болгон. Ошол эле учурда 17 жашка чейинки балдардын 40,3 пайызы же 1 млн 126 миң адам жакырчылыкта жашагандыгы белгиленди”, - деп айтылат маалыматта. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу