Былтыр Кыргызстан 5 миң тоннадан ашык балык экспорттогон. Бул тууралуу Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.
Анын айтымына караганда, 2021-жылы өлкө боюнча 10 миң 344 тонна балык өндүрүлсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 5 миң 139ду түзгөн.
“Кыргызстанда балык чарба өнүгүп жаткандыктан сыртка экспортко чыгып жатат. Алсак, өткөн жылы 5 миң тоннадан ашык балык экспорттолсо, 2020-жылы 3 миң 158 тоннадан көп балык экспорттолгон”, - деди ал.
Ошондой эле, Ниязов балык негизинен КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган департаменттин реестринде өлкө боюнча 194 балык чарба катталган. Балык чарбаларда негизинен балыктын 6 түрү өндүрүлөт.