Кыргызстанда өткөн жылы калктын реалдуу акчалай кирешеси өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
2023-жылдын январь-сентябрь айларында калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 500 миллиард сомдон ашты. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга көп.
Калктын адам башына эсептелген кирешеси айына 9 миң 425 сомду түзгөнү айтылат.