Кыргызстанда төрт ири ирригациялык система калыбына келтирилет.
Суу ресурстары мамлекеттик кызматы билдиргендей, долбоордун алкагында Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы каналдар реконструкцияланат.
Долбоорго Азиялык өнүктүрүү банкы тарабынан 43,5 миллион доллар бөлүнгөн.