«Кыргызстанда жасалган». Улуттук экспорттук программа иштелип чыкты

09.02.2023, 14:02 Акчабар
«Кыргызстанда жасалган». Улуттук экспорттук программа иштелип чыкты

Экономика жана коммерция министрлиги 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” Улуттук экспорттук программасынын долбоорун иштеп чыкты. Анын максаты өлкөнүн экспорттук потенциалын жана ата мекендик өнүмдөрдүн дүйнөлүк базарда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Экспорттук программада төмөнкү экспорттун товардык түзүмдөрүнө басым жасалат:

  • текстиль жана тигүү, анын ичинде салттуу кол өнөрчүлүк;
  • зергер буюмдары, бут кийим;
  • мөмө-жемиштер жана жашылчалардан жасалган даяр өнүмдөр;
  • жаңгак жана буурчак;
  • бал, сүт, эт, балык азыктары;
  • алкоголсуз суусундуктар, анын ичине улуттук суусундуктар кирет. 

"Программа секторлор аралык ыкмада колдонулат. Башкача айтканда, жалпы максатка жетүү үчүн түрдүү секторлор жана аймактар ​​өз ара аракеттенет. Программанын түзүмү экспортко дем берүү, илгерилетүү жана сооданы жеңилдетүү, сапаттуу инфраструктураны колдоо жана өнүктүрүү, финансылык ресурстарга жетүү сыяктуу секторлор ​​аралык тармактарды камтыйт", - деп айтылат маалыматта.

Учурда программанын долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу