Кыргызстанда жасалма шенген визасын даярдагандар кармалды

01.06.2023, 12:41 Акчабар
Кыргызстанда жасалма шенген визасын даярдагандар кармалды

Жасалма Шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жасалма шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды. Алар чет элдиктерди Кыргызстан аркылуу Европага турист иретинде жөнөтүп турушкан.

Мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жабыр тарткан кырктан ашуун чет элдик жаран такталды.

“Азыркы тапта мыйзамсыз иш-аракеттердин эпизоддору жана жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар аныкталууда”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу