Кыргызстанда жээк бекемдөө иштерине дээрлик 200 млн сом бөлүндү

11.05.2023, 13:00 Акчабар
Кыргызстанда жээк бекемдөө иштерине дээрлик 200 млн сом бөлүндү

Быйыл дарыялардын жээгин бекемдөө, селден коргоо иштерине жалпысынан 198,5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мекемелерине 100 миллион, аталган министрликтин "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматына 98,5 миллион сом берилди.

Белгилеп кетсек, каражат тармакка жыл сайын эле бөлүнөт. Мындан тышкары, “Капиталдык салымдар” беренесине ылайык, Чүй дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 миллион сом бөлүндү.

Тэги: Минфин каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу