Кыргызстанда азык-түлүк буудай данынын жетиштүү көлөмү бар, кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, бүгүнтөн тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 40 миң тонна азык-түлүк буудай дандары чыгарыла баштайт.
Эскерте кетсек, буга чейин Айыл чарба министрлиги ун өндүрүүчүлөрдүн ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте унду өндүрүүчү баада сатуу боюнча жарманкелерди уюштурган.