Кыргызстанда жумушсуз жаштардын 20,6% аялдар, 12,7% эркектер түзөт

19.09.2023, 10:35 Акчабар
Кыргызстанда жумушсуз жаштардын 20,6% аялдар, 12,7% эркектер түзөт

Кыргызстанда жумушсуз жаштар арасында олуттуу гендердик теңсиздик бар. Өлкөдө жаштар арасында аялдардын 20,6%, эркектердин 12,7% жумушсуз. Бул тууралуу  “Илимдеги кыздар”долбоорунун негизинде жүргүзүлгөн “STEM тармагында эмгек базарынын анализи” изилдөөсүндө айтылат. 

Изилдөөөгө ылайык, Кыргызстанда соңку жылдары аялдардын иш менен камсыз болушунун конкреттүү көйгөйлөрүнө көңүл буруу байкаларлык азайган.

Кыргызстанда кабыл алынган бардык иш менен камсыз кылуу программаларынын мазмундук анализи көрсөткөндөй, аялдарга түздөн-түз тиешелүү маалымат 2005-жылга чейинки иш менен камсыз кылуу программасында – 38 жолу, 2010-жылга чейинки иш менен камсыз кылуу программасында – 21 жолу, ал эми 2020-жылга чейинки акыркы иш менен камсыз кылуу программасында- 5 жолу табылган.

"Кыргызстандын бардык улуттук стратегиялык программаларында аялдардын иш менен камсыз болушун жакшыртууга багытталган атайын чаралар каралган эмес".

Ошондой эле, изилдөө өлкөдө экономикалык жана билим берүү саясатынын ортосунда байланыштын жоктугун көрсөткөн.

Изилдөөнүн алкагында мамлекеттик стратегиялык документтер, STEM адистерин талап кылган тармактарды өнүктүрүү пландары, гендердик маселелер жана билим берүү аспектилери  талдоого алынган. Изилдөөдө кабинеттик жана интервыю методу да колдонулган. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу