Кыргызстанда жылдын аягына чейин пенсияны жана бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов парламенттик угуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысы тарабынан министрлер кабинетине калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, социалдык жактан колдоо жана ден-соолугун коргоо боюнча бир катар милдеттемелер коюлган.
“Учурда социалдык жөлөк пулдардын көлөмүн көбөйтүү жана социалдык чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин маянасын жогорулатуу аракети жигердүү жүргүзүлүүдө”, – деди Байсалов.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети тарабынан уюштурулган Пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга карата милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагын өнүктүрүү концепциясынын долбоорун талкуулаган парламенттик угуу өтүүдө.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.