Кыргызстандагы 10 финансылык уюм Саламаттык сактоо министрлигине жардам көрсөттү

28.07.2020, 11:00 Акчабар
Кыргызстандагы 10 финансылык уюм Саламаттык сактоо министрлигине жардам көрсөттү

Саламаттык сактоо министрлигине 6 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 100 даана кычкылтек концентратору жана 1000 пульсоксиметр тапшырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты. 
 

 


«Жалпы наркы 10 миллион сомго барабар гуманитардык жардам Кыргызстандагы банктардын бирикмесине мүчө 10 финансылык уюм тарабынан көрсөтүлдү. Медициналык жабдыктарды министрликтин статс-катчысы Калысбек Шадыханов кабыл алды. К.Шадыханов учурда керек болуп жаткан медициналык жабдыктар “Семетей” обсервациясына жана башка медицина уюмдарына таратылып берилерин билдирди. Өз кезегинде, Кыргызстандагы банктардын бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев Банктар бирикмесине мүчө уюмдар буга чейин дагы жардам көрсөтүп келишкенин жана мындан ары дагы колдоо көрсөтө берерин айтты», - деп жазылат маалыматта. 

Тэги: Финансылык уюм кычкылтек концентратору пульсоксиметр республикалык штаб жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу