Унаа жана жолдор министрлиги жайга чейин туннелдерде онлайн төлөм киргизүүнү убада кылууда.
Мекеменин орун басары Ырысбек Бариев билдиргендей, Бишкек-Ош жолундагы туннелдерден жылына 1 миллион 100 миң унаа өтөт. Өткөн жылы жол акысынан 157 миллион сом түшкөн.
Коррупциялык схемаларды жоюу үчүн атайын программа иштелип чыккан, эми жол акы QR-код же банк картасы аркылуу кабыл алынат. Система эки айдын ичинде орнотулат. Муну менен туннелдердин кире беришинде накталай төлөмдөрдү кабыл алган кассирлер болбойт.