Кыргызстандын Орусияга автоунаа реэкспорту кыйроо алдында турат

01.03.2024, 17:30 Акчабар
Кыргызстандын Орусияга автоунаа реэкспорту кыйроо алдында турат

2024-жылдын 1-апрелинен тарта орус өкмөтү унааларды кайра иштетүү үчүн  (утилизационный сбор) жаңы жогорулатылган төлөм киргизет, бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө да тиешелүү. “Акчабар” Кыргызстан акыркы жылдары Орусиянын рыногуна автоунааларды жеткирүүнүн көлөмүн кыйла көбөйтүп жатканын эске алып, бул чечим Кыргызстандын рыногуна кандай таасир этээрине саресеп салды. 

Белгилеп кетсек, Кытай, Түштүк Корея өңдүү Азия өлкөлөрүнөн автоунааларды сатып алып, Кыргызстандын бажысы аркылуу андан ары Орусияга жөнөтүүнү камтыган бизнес 2022-жылы күчөгөн. Бул тармактын өнүгүшүнүн  себеби Кыргызстанда кошумча нарк салыгы 12%, ал эми Орусияда 20% болгон. 

Кыргызстандан унаа реэкспорту 2019-жылы 113 болсо, 2023-жылы 8 миң 733 унаага өскөн. Өсүү 77 эсеге көбөйгөн. Алардын басымдуу бөлүгү  – 6,2 миңге жакыны Орусияга, 2,3 миңден ашыгы – Казакстанга жөнөтүлгөн. 

Жалпысынан 2023-жылы Кыргызстанга 184,8 миң унаа алынып келинген. Реэкспортту эсепке алганда республикада 176 миң 56 унаа калган. Негизги жеткирүүчү Кытай, ал жактан бизге 79,1 миң автоунаа алынып келинсе, андан кийин Түштүк Корея, Орусия, АКШ жана Жапония турат.

Орусияда арзан унааларга болгон суроо-талап албетте сунушту жаратып, кыргыз ишкерлери мындан ийгиликтүү пайдаланып, акча таап, мамлекеттин казынасын толтурушту. Бирок, эми жаңы эрежеге ылайык, мисалы, Кыргызстандан барган 145 миң долларлык “Land Cruiser” орусиялыктар үчүн 178 миң доллар турат. Башкача айтканда, алымдардын жүгү россиялык сатып алуучуга жүктөлөт. 

“Эгерде сатып алуучулар төлөөгө даяр болбосо, Кыргызстандын автоунаалар боюнча бизнеси токтойт, анткени мындай баалар менен орусиялыктар үчүн унаалар кайдан келери маанилүү эмес. Орто эсеп менен 8 миңге жакын унаа жөнөтөбүз. Жаңы эрежелер менен агым жүздөн бирдикке чейин азаят”, - дейт экономист Искендер Шаршеев. 

Тэги: Орусия автоунаа реэкспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу