2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкынын орточо жылдык өсүүсү былтыркы жылга салыштырмалуу 2,1 пайызга көбөйүп, 6 млн 456,5 адамды түздү. Бул тууралуу өкмөттүн сайтында айтылат.
Калктын санынын жаш структурасында эмгекке жараксыз жактардын үлүшү 34,3 пайызды, эмгекке жарактуу жактар 57,9 пайызды ал эми эмгекке жарактуу жашынан өйдө жактар 7,8 пайызды түзөт.
2019-жылдын 11 айында төрөлүмдүүлүктүн көрсөткүчү 2018-жылдын деңгээлинде калып, калктын 1 миң адамына 26,9 түзгөн.
Калктын жалпы өлүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү төмөндөп, (1,9 пайызга) 1 миң адамга 5,1 түзгөн.