Кыргызстандык ишкер айымдар Германияга тажрыйба алганы барышат

27.02.2023, 16:09 Акчабар
Кыргызстандык ишкер айымдар Германияга тажрыйба алганы барышат

Соода-өнөр жай палатасы кыргызстандык ишкер айымдарды окутуп, Германияга тажрыйба алууга жөнөтөт. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, алгач ишкер айымдар атайын тренингдерден өтүшөт. Германиядан ишкер айымдар бизнес-процесстерди башкаруу боюнча тажрыйба алууга жана тренингде алган башкаруу жөндөмдөрүн практикада колдонууга мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан тышкары, сапар Германиянын көптөгөн компанияларынан бизнес өнөктөштөрдү табууга мүмкүндүк берет. 

"Кайра куруу жылдарында бизнес баштап, Россиянын шаарларына дээрлик туш келди кеткен аялдар болгон. Аялдардын жүгү оор, бул балдарды тарбиялоо жана үй-бүлөлүк очокту сактоо гана эмес, ошондой эле бизнес чөйрөсүнүн ийгиликтүү өнүгүүсүнө кошкон салымы экенин баарыбыз эле билебиз. Сиздер үй-бүлөнү эркектер менен бирдей камсыз кылуу жана өлкөгө пайда алып келүү үчүн колдон келген нерселердин баарын жасап жатасыздар. Өз бизнесиңизди ачып, жумуш орундарын түзүп, ийгиликке жетесиз. Бизнесмендин ишин бир аз болсо да жеңилдетүү үчүн Соода-өнөр жай палатасы жаңы бизнес өнөктөштөрдү табууга жана заманбап ишкердик сыяктуу татаал дисциплинада жаңы, актуалдуу билимдерди алууга шарттарды түзөт”, - деди палата башчысы Темир Сариев.

Сурамжылоолорго караганда, германиялык ишкерлер менен болгон байланыштын натыйжасында кыргызстандык ишкерлер 8 миллион еврого жакын келишимдерди түзүүгө жетишкен. 

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын үч жүздөн ашык ар кыл ишканаларынын жетекчилери стажировкадан өтүштү. Алардын арасында “Куликовский” кондитердик үйүнүн, “Адал Азык” ЖЧКсынын (ТМ Тойбосс), “Евразия Групп KGZ” ЖЧКсынын жана башкалардын өкүлдөрү бар. Тренингдерден кийин ишкерлер инвестиция тартуу менен эле чектелбестен, өндүрүштү кеңейтүү үчүн да жаңы жабдууларды сатып алышты”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, окутуу Экономика жана климатты коргоо Федералдык министрлигинин (BMWK) “Германия менен өнөктөштүккө ылайыктуу” менеджерлерди окутуу программасын ишке ашыруунун алкагында өтүүдө. Аталган программа 2007-жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин негизинде иштеп келет. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу