Ишкерлерге «Alibaba» менен ортомчусуз иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

25.09.2023, 13:41 Акчабар
Ишкерлерге «Alibaba» менен ортомчусуз иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Кытайлык “Alibaba Group” компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстан менен түз кызматташууга кызыктар экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дүйнөлүк электрондук коммерция гиганты “Alibaba Group” компаниясынын штаб-квартирасына барды. Иш сапарынын алкагында, Эдил Байсалов компаниянын учурдагы ишмердүүлүгү, стратегиясы, мындан аркы өнүгүүсү жана инновациялык чечимдери менен таанышты. 

“Кыргызстанда “Alibaba” маркетплейсин жакшы билишет жана он миңдеген жарандарыбыз анын кызматынан пайдаланышат. Жакында эле өкмөттүк деңгээлде жеткирүү мөөнөтүн тездетүү жана буйрутмаларды жеткирүү шарттарын жакшыртуу боюнча чечимдер кабыл алынды. Биз Кытайдын IT тармагынын глобалдык ийгилигине кубанычтабыз жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктарбыз”, - деди ал.

Соңунда тараптар Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнүн продукциясын “Alibaba” компаниялар тармагы аркылуу Кытайга сатуу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана кытайлык өндүрүшчүлөргө түз жетүү маселелерин талкуулашты.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу