Кыргызстандыктар салык карызы тууралуу билдирүүлөрдү онлайн алышат

09.01.2024, 14:15 Акчабар
Кыргызстандыктар салык карызы тууралуу билдирүүлөрдү онлайн алышат

Мамлекеттик салык кызматы жарандардын карызы тууралуу билдирүүлөрдү Cabinet.salyk.kg сайтындагы “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу жөнөтө баштады.

Ведомство билдирүүнү электрондук түрдө жибергенден кийин 5 календардык күндүн ичинде маалымат жетти деп эсептелерин белгилейт.

Салык төлөөчүгө өз ыктыяры менен төлөм жүргүзүү үчүн 15 күн берилет. Каражат убагында же толук төлөнбөсө, акча банк эсебинен чыгарылып алынат, салык посту түзүлөт, өлкөдөн сыртка чыгууга чектөө коюлат жана башка ушул сыяктуу чаралар көрүлөт.

Мамлекеттик салык кызматы мындай кесепеттерди болтурбоо үчүн салык төлөөчүлөрдү “жеке кабинетин” такай текшерип турууга чакырат.

Тэги: салык Мамлекеттик салык кызматы онлайн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу