Кыргызстандын авиациялык коопсуздугу боюнча семинарлар өтөт

21.02.2023, 14:27 Акчабар
Кыргызстандын авиациялык коопсуздугу боюнча семинарлар өтөт

Британиялык эксперттер Кыргызстандагы тармактык уюмдар жана авиакомпаниялар үчүн авиациялык коопсуздук боюнча семинарларды өткөрүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстанды Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгарууга багытталган программанын экинчи фазасын ишке ашыруу үчүн Улуу Британиянын жарандык авиация башкармалыгынын (UK CAAi) өкүлдөрү Бишкекке келди. 

Эске салсак, Улуу Британиянын CAAi эксперттери 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын Мамлекеттик авиациялык коопсуздук программасын колдоо боюнча ишин баштаган. Алар авиация тармагын карап чыгууга жана аны ИКАОнун акыркы стандарттарына ылайык келтирүү боюнча сунуштарды берүүгө жардам беришет.

Бул иш бир нече этап менен жүргүзүлүүдө. Аларды ишке ашыруу үчүн авиациялык администрациянын ар кандай багыттары боюнча чет элдик жана ата мекендик эксперттерден биргелешкен долбоордук топ түзүлдү. Биринчи этапта британиялык эксперттер Кыргызстандын мыйзамдарын талдап, документтерди жана отчетторду изилдеп чыгышкан. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу