Кыргызстандын банк системасы штаттык режимде иштеп жатат

12.01.2022, 12:13 Акчабар
Кыргызстандын банк системасы штаттык режимде иштеп жатат

Учурда Кыргызстандын бардык коммерциялык банктары штаттык режимде туруктуу иштеп жатканын жана улуттук сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча төлөмдөрдү кошо алганда, кардарларга банк кызматтарынын толук чөйрөсү көрсөтүлүп жатат. Мындай маалымат Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Банк секторунун негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү туруктуулукту көрсөтүү менен жогорку деңгээлде сакталып турат. Акыркы отчеттук датага карата банк системасы боюнча суммардык капиталдын жетиштүүлүк коэффициенти, 12% кем болбоого тийиш деген минималдуу талап кылынган деңгээл белгиленген шартта, 23,0% түзгөн. Банк системасы боюнча ликвиддүүлүк коэффициенти, 45,0% төмөн болбоого тийиш деген ченемде, 68,7% чегинде катталган. Банк секторунун суммардык активдери 342,8 млрд сомду түзгөн.

Улуттук банк бардык маселелер боюнча, анын ичинде банк кызматтарын көрсөтүү менен байланышкан суроолор боюнча түздөн-түз коммерциялык банктарга, интернет сайттарды, колл-борборлорду, социалдык тармактар менен мессенджерлерди кошуу менен бардык байланыш каналдары боюнча кайрылууну сунуштайт.

Мындан тышкары, социалдык тармактар менен мессенджерлер аркылуу таркатылып жаткан маалыматтарды кошо алганда, кайсы болбосун маалыматтарды Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын расмий сайттарынан текшерүүнү сунуштайт.

Ошондой эле Улуттук банкта коомдук кабылдама кызматы иштеп жатканын билдирет, коомдук кабылдамага +996 (312) 61-04-86 телефондору аркылуу кайрылууга болот.

Кыргызстандын банк системасы бекем жана туруктуу.

"Улуттук банк кырдаалга туруктуу негизде байкоо жүргүзүп турат жана көзөмөлгө алат, зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системасынын туруктуулугу менен коопсуздугун андан ары камсыз кылуу үчүн, кардарлардын, аманатчылардын жана банктардын башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрөт",- деп айтылат маалыматта.

Тэги: КР Улуттук банк банк системасы суммардык активдери аманат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу