Кыргызстандын Депозиттерди коргоо фонду 3 миллиард сомдон ашты

23.03.2021, 16:19 Акчабар
Кыргызстандын Депозиттерди коргоо фонду 3 миллиард сомдон ашты

2020-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фонду 3 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу агенттиктин кварталдык отчетунда айтылат.

Депозиттерди коргоо агенттигинде белгиленгендей, портфелдин өсүшү III кварталдан IV кварталга чейин 100 млн сом. Өткөн жылдын акыркы үч айындагы киреше 48,6 миллион сомду түзгөн.

Фонддун түзүмү төмөнкүдөй: 257 миллион сом өкмөттөн, 1,7 миллиарддан ашыгы банктардан, 1 миллиарддан ашыгы - АЗДдин таза кирешеси.

Белгилей кетсек, "Депозиттерди коргоо жөнүндө" Мыйзамга ылайык, камсыздандыруу окуясы болгон учурда, каржы мекемесинин ар бир аманатчысы 200 миң сомго чейин өз аманаттарын алышат.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу