Кыргызстандын доллар валютасындагы карызы эки эсе азаят. Себеби эмне?

27.09.2023, 17:30 Акчабар
Кыргызстандын доллар валютасындагы карызы эки эсе азаят. Себеби эмне?

Кыргызстан мамлекеттик тышкы карызын алты валютада төлөп келет. Алардын арасында юань, евро, жапон йени, корей вону жана доллар бар. Мындан тышкары, атайын карыз алуу укугу (Эл аралык валюталык фонду чыгарган жасалма резервдик төлөм каражаттары, англ. Special Drawing Right) кирет. 

Белгилеп кетсек, Кыргызстан мамлекеттик карызынын басымдуу бөлүгүн АКШ долларында төлөйт. 

Түшүндүрө кетсек, 2022-жылы мамлекеттик карыздын доллардагы үлүшү 85,5% түзгөн. Быйыл доллардын үлүшү 68,9%га, башкача айтканда 16,6 пайыздык пунктка кескин төмөндөдү. Бирок, АКШ валютасынын үлүшү дагы эле эң жогорку бойдон калууда.

Бирок 2024-жылы карыздын негизги үлүшү доллар менен төлөнбөйт. 

Каржы министрлигинин болжолуна ылайык, келерки жылы тышкы карыздын көбү SDR менен төлөнөт. Төлөмдөрдүн түзүмүндө анын үлүшү 54,1%ды түзүп, доллардын үлүшү азаят. Карыздын 38,2% гана долларда төлөнөт. Бул быйылкы жылга салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге аз.  

"2023-2026-жылдар аралыгында жасалма резервдик төлөм каражаттары (атайын карыз алуу укуктары) менен мамлекеттик карыздын төлөнүшү ЭВФтин насыялары боюнча карыздын негизги суммасын төлөө мөөнөтү менен байланыштуу”, - деп билдирди Каржы министрлиги. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу