Кыргызстандын ички дүӊ өнүмү 3,4% өстү

12.06.2023, 13:40 Акчабар
Кыргызстандын ички дүӊ өнүмү 3,4% өстү

Ушул жылдын  январь-май айында өткөн жылдын ушул эле айларына салыштырмалуу ички дүң өнүмү 3,4 % жогорулап, 355 млрд. сомго жакындады. Бул тууралуу Улуттук Статистикалык комитети билдирди.  

Маалыматка ылайык, ИДПнын эң көп өсүшү товардык өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармактарына туура келген. 

Муну менен катар, товардык өндүрүү тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-майына салыштырмалуу 1,9%га, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,1%га жогорулады.  

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (53,8 %) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-майына 1,4 пайыздык пунктка аз, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү быйылкы жылдын январь-майында 1,4%дык пунктка  төмөндөдү жана 26,1 %түздү. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 пайыздык пунктка,  айыл чарбасынын үлүшү 0,5 пайыздык пунктка жана курулуштун үлүшү  0,4 пайыздык пунктка азайды. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу