Кыргызстандын ички карызы 1,1 млрд долларды түздү

28.03.2023, 11:17 Акчабар
Кыргызстандын ички карызы 1,1 млрд долларды түздү

Быйыл 31-январга карата Кыргызстандын мамлекеттик ички карызынын көлөмү 95 млрд 660,52 миллион сомду түздү. Бул 1 110,39 миллион АКШ долларына же ИДПга карата 10,32%га барабар. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Кыргызстандын 2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, мамлекеттик карыздын ИДПга карата максаттуу катышы 70%дан ашпашы керек. 

Бүгүнкү күндө болсо жалпы мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нече пайызга төмөн катталып, ички жана тышкы карыз ИДПга карата 52,33%ды түздү.

Кошумчалай кетсек, ички карыздын жалпы мамлекеттик карызга болгон катышы бүгүнкү күндө 19,7%ды түзөт.  

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу