Эки айда бюджетке салыктык эмес 5 млрд сом киреше түштү

20.03.2024, 16:25 Акчабар
Эки айда бюджетке салыктык эмес 5 млрд сом киреше түштү

Ушул жылдын январь-февраль айына карата мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелердин иш жүзүндөгү түшүүсү 5 млрд 295,8 млн сомго аткарылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 айдын жыйынтыгы боюнча Финансылык кредиттик фонд тарабынан бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздарга бекитилген планы 135,6 млн сом өлчөмүндө белгиленип, иш жүзүндө аткарылуусу 327,7 млн сомду түздү. Бекитилген планга карата 192,1 млн сомго көбөйгөн жана ошондой эле пайыздык көрсөткүч планга карата 241,7% ашык болду.

Мындан тышкары, унааларды каттоо жана кайра каттоо жыйымы боюнча план 249,4 млн сом деп бекитилип, ал эми аткарылышы 384,5 млн сомду түзгөн жана ошондой эле пайыздык көрсөткүч планга карата 154,2 % ашыгы менен аткарылды.

Тэги: салыктык эмес кирешелер бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу