Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 6,3 млрд долларды түздү

14.01.2022, 15:43 Акчабар
Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 6,3 млрд долларды түздү

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 6,3 млрд долларды түзгөнүн маалымдады.

Бул көрсөткүч 2020-жылдын январь-ноябрына  салыштырмалуу 21,4 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 20,1 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 43,9 пайызга жогорулады.

Кыргызстандын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-ноябрына карата 2,9 млрд. долларды түздү жана 2020-жылдын январь-ноябрына салыштырганда 31,4 пайызга өстү.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт

Экспорт 

“Экспорттук жөнөтүүлөр 30,4 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 31,7 пайызга жогоруланган”,- деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-августта Орусияга (65,5 пайыз) жана Казакстанга (32,0 пайызга) туура келди. 

 

Тэги: импорт жана экспорт тышкы жана өз ара соода ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу