Техника илимдеринин кандидаты Жыргалбек Сарымсаковду көп жылдан берки ойлоп табуучулук жаатындагы эмгеги үчүн Евразия премиясы менен сыйлашты.
Анын илимий эмгектеринин басымдуу бөлүгү энергиянын кошумча булактарын иштеп чыгуу, электро-магниттик нурланууну практика жүзүндө колдонууга багытталган. Андан тышкары, Сарымсаков 12 эл аралык патенттин ээси жана электр тармагындагы 20дан ашуун изилдөөсү бар.
Сыйлык Нур-Султан шаарындагы өнөр-жай үлгүлөрүн коргоого багытталган конференцияда ыйгарылды.