Кыргызстанга 559,1 миң өзбекстандык туристтик максатта келди

21.05.2024, 09:10 Акчабар
Кыргызстанга 559,1 миң өзбекстандык туристтик максатта келди

2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстанга Өзбекстандан 559,1 миң адам туристтик максатта келген. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь-март айларында туристтик максатта 1,3 миллионго жакын өзбекстандык чет өлкөгө чыккан.

Бул көрсөткүч 2022- жылдын биринчи үч айына салыштырмалуу 365,6 миң адамга же 40,7%га өскөн.

Өзбектер туристтик максатта эң көп барган өлкөлөр:

  • Кыргызстан. — 559,1 миң адам;
  • Тажикстан – 260,8 миң адам;
  • Казакстан – 184 100 адам;
  • Сауд Арабиясы  —  70 600 адам;
  • Орусия  — 50,3 миң адам.  

 

Тэги: турист Өзбекстан Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу