Кыргызстанга Казакстандан бензин импорту 23,8 эсеге кыскарды

18.06.2024, 10:52 Акчабар
Кыргызстанга Казакстандан бензин импорту 23,8 эсеге кыскарды

2024-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстанга чет өлкөдөн 116,1 млн долларлык 248,5 миң тоннага жакын бензин алынып келинген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Бул 2023-жылга салыштырмалуу 118 миң тоннага (+90%) жана 71,2 млн долларга (+159%) көп.

Быйыл төрт айда Кыргызстанга эң көп Орусиядан 247,5 миң тоннадан ашык, же 115,8 млн долларга бензин ташылган. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 141,5 миң тоннага (+133%) жана 79,9 млн долларга (+223%) көп.

Коңшу Казакстандан бензин импорту бул мезгилде бир топ кыскарган, тактап айтканда 0,9 миң тоннага чейин 0,3 млн долларга азайган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 20,9 миң тоннага (-96%) жана 7,7 млн ​​долларга (-96%) аз.

 

Тэги: бензин импорт Казакстан Орусия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу