Кыргызстанга келген импорттун көлөмү 31.8 пайызга кыскарган

13.07.2020, 17:55 Акчабар
Кыргызстанга келген импорттун көлөмү 31.8 пайызга кыскарган

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын январь-май айларындагы сырткы товар алмашуусу 2 млрд 125.8 млн сомду түзүп, 2019-жылдын ушул убагына салыштырмалуу 22.7 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин материалдарында айтылат. Маалыматка караганда, экспорттук ташуулар 1.2 пайызга көбөйүп, ал эми импорт тескеринче 31.8 пайызга кыскарган.

2020-жылдын январь-май айларындагы ЕАЭБ республикалары арасындагы өз ара соода алмашуу 927.4 млрд долларды түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 11.9 пайызга төмөндөгөн.

Анда экспорттук ташуулар 18.9, ал эми импорт 9.9 пайызга кыскарган. Кыргызстандын ЕАЭБ мамлекеттери арасынан эң көп товар алмашуусу Орусия менен Казакстанга туура келип, анын көлөмү 68.4 жана 29.6 пайызды түзгөн.

Тэги: соода алмашуу импорт экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу