Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары азайды

15.09.2023, 09:15 Акчабар
Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары азайды

Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары азайды.

Улуттук банктын маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер ушул жылдын июль айында мекенине 145 млн доллардан ашык которгон. Бул май айына караганда дээрлик 18 млн долларга аз.

Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Россияга туура келет. Андан кийин алыскы чет мамлекеттер турат.

Мигранттардын жыл башынан бери которгон акчасы 1 млрд 107 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,5 пайызга аз.

Тэги: мигрант Акча которуулар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу