Кыргызстан туристтерден 471,1 млн доллар киреше тапты

02.10.2023, 10:20 Акчабар
Кыргызстан туристтерден 471,1 млн доллар киреше тапты

Быйыл жарым жылда Кыргызстан чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуудан 471,1 млн доллар киреше тапты. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу 2,1 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Ошол эле мезгилде кыргызстандык жарандардын эс алууларынан туристтик компанияларга 1 млрд 178,2 млн сом киреше түшкөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1,9 эсеге көп, ал эми пансионаттар 413,1 млн сом (өткөн жылга салыштырмалуу +19%) киреше алышкан.

Ошондой эле, мейманканалар жана кафелердин кирешелери да өскөн. Мейманканалар көрсөткөн кызматтардын көлөмү 1 млрд сомдон ашкан. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге, ал эми ресторандар жана башка тамак-аш ишканалары тарабынан 25,2%га өсүп, 4,1 млрд сомго жеткен.

Кошумчалай кетсек, туристтерди ташуудан түшкөн киреше 3,5 млрд сомду (жыл ичинде +18,6%) түздү.

 

Тэги: туристтер киреше саякат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу