Кыргызстан Орусияга балык жеткирет. 4,5 млн долларлык келишимге кол коюлду

19.08.2021, 16:15 Акчабар
Кыргызстан Орусияга балык жеткирет. 4,5 млн долларлык келишимге кол коюлду

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында ишин баштаган кыргыз-орус бизнес форумунун алкагында эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда Кыргызстандан Орусияга балык жана балык азыктарын жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду.

Келишимди кыргызстандык "Нурагрорыбпром" ЖЧКсы менен орусиялык "А2" ЖЧКсы түзгөн. Анда жылына 4,5 миллион долларга балык азыктарын жеткирүү каралган.

Бул алты ай ичинде балыктын жана андан алынган продукциянын жалпы экспорту 5,6 миллион долларды түзгөнүн эске алганда, Кыргызстан үчүн чоң келишим болуп калат.

 

Тэги: рыба экспорт Кыргызстан Россия бизнес форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу