Кыргызстан дүйнөлүк Startup неге кирген жок?

17.04.2019, 11:59 Акчабар
Кыргызстан дүйнөлүк Startup неге кирген жок?

Кыргызстандын  бир дагы шаары дүйнөлүк startup​ кирген жок.StartupBlink изилдөө борбору  100 мамлекетти байкоого алып,  ага 1 миң шаарлар катышкан. Андагы тандоо критерийи шаарда ачылган жаңы бизнеске байкоо салуу.

Бул рейтингке чыккан жакынкы мамлекеттердин бири— Казахстан. Нур-Султан (Астана) рейтингде 1 миң 28 катышуучунун арасынан 998-орунга ээ болгон.  

« Нур-Султанда алты стартап жасалган. Алардын арасында эң кеңири тараганы  Smart Shelf Solutions ( «акылдуу» технологиялар менен аралыктан туруп байкоо салуу), GUMI Building менен Eurogroup Industrial Kitchenware. Казахстандын борбору мамлекеттер арасында экинчи, шаарлардын ичинде 998-орунда. Казахстан менен Нур-Султанда азыр абдан популярдуу виртуальдык  дүйнө болууда. Андан кийин соода тармагы менен мейманкана бизнеси турат», —деп жазды StartupBlink.

Бул рейтинге Өзбекстан менен Россия да кирди. Айтмакчы,  тизмеге Россиянын бир нече шаарлары кирген.  Анткени, Санкт-Петербург, Уфа, Саратов жана башка шаарларда жаңы бизнеске старт берилген. 

«Россия боюнча Москвада жаңы бизнес баштоо боюнча алдынкы позицияда турат. А дүйнө боюнча Москва 10- орунга жайгашты. Ал эми Москвада кандай иштер башталганын караңыз. Ал — «amoCRM», Wikium менен DriverPack. Россиянын борборунда 1.3 миң старт болуп, алардын негизги бөлүгү уюлдук байланышка, электрондук коммерцияга жана  SaaS (программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүү)», — деп билдирет изилдөө борбору. 

Ташкент дүйнөлук рейтинге үч бизнеси менен кирди:  Common Electron Information ЖЧК, SPAIR  менен TENDERWEEK . Алар рейтингде 1 миңдин арасынан  20-орунга чыгышкан. 

Кыргызстанда стартап жайылып жатканына карабай, дүйнөлүк рейтингге кирген жок. 2018-жылы атамекендик ЖМК ийгиликтүү  стартап-долбоор катары 143 компанияны аташкан.

«кыргызстанда старап Картасына бир гана компания кирген. Ал— Eco-Solutions KG. Кыргызстанда экологиялык инновациялык багыттар популярдуу. Азырынча, экологиялык динамикалуу өскөн  бир дагы шаар байкалган эмес», —деп жазган  StartupBlink сайтында.

Тэги: StartupBlink стартапы рейтинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу