COVID-19: Кыргызстан 6,4 млн доза вакцинага муктаж

25.06.2021, 15:30 Акчабар
COVID-19: Кыргызстан 6,4 млн доза вакцинага муктаж

Кыргызстанда эмдөөгө муктаж жарандарынын саны дээрлик 3,2 миллион адамды түзөт. Алардын ичинен эң жогорку приоритеттүү топ 2,6 миллион адам. Буга ылайык, 6,4 миллион доза вакцина талап кылынат, же жок дегенде 5,2 миллион доза керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелло менен жолугушуу учурунда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жылдыз Бакашова өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаал жаралганын айтты. Ошондой эле элди эмдөөдөн өткөрүү зарылчылыгы күч экендигине токтолду.

БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело учурдагы пандемиянын толкунуна каршы туруу үчүн өлкө калкына эмдөө жүргүзүү жана коом тарабынан эпидемиологияга каршы чараларды так сактоо зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөөнүн жыйынтыгында, COVID-19га каршы эмделген калктын 70% га жакыны пандемиянын натыйжасында өлкөдөгү экономиканы жана туруктуулукту тезирээк калыбына келтирди.

 

Тэги: вакцина ООН гумпомощь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу