"Кыргызтелеком" ААК жана Ат-Башы районундагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы "Тамчы-Булак" муниципалдык бала-бакчасынын жалпы аянты 44,72 чарчы метр болгон эки жайын мыйзамсыз менчиктештирип алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Менчиктештирилген объектилерди кайтарып берүү максатында райондук прокуратура Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш киргизген.
Прокурордун жообунун актысынын негизинде жогорудагы жайлар "Тамчы-Булак" бала бакчасына кайтарылды.