“Кыргызтелекомдун” башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржанын сайтында маалымдалды.
Тактап айтканда, ушул жылдын 27-октябрындагы директорлор кеңешинин чечими менен ачык акционердик коомдун директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү болуп Нургазы Сатимкулов шайланды.
Директорлор кеңешинин курамында мурда да өзгөрүүлөр болгон. Компаниядан билдиришкендей, директорлор кеңешинин 12-октябрдагы чечиминин негизинде директорлор кеңешинин төрагасы Алмаз Исанов башка кызматка дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Канатбек Аскаров бош турган кызматка 19-октябрда шайланган.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане