“Кыргызтелеком” ААКтын 2021-жылдагы таза кирешеси 25 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
Маалым болгондой, 29-апрелде өткөн акционерлердин жылдык жыйынында таза пайданын 25% дивиденддерди төлөөгө бөлүү чечими кабыл алынган. Бул бир акцияга 0,06 сомду түзөт.
Дивиденддерди төлөө мөөнөтү 2022-жылдын 20-июлунан тартып белгиленген.
“Кыргызтелеком” ААК 2020-жылды 129 миллион сом чыгым менен жапканын кошумчалайбыз. Анда анын ссудалар, башка мамлекеттик мекемелердин алдындагы милдеттенмелери боюнча дебитордук карызы 849 миллион сомду түзгөн. 2019-жылы “Кыргызтелекомдун” кирешеси 120 миллион сомду түздү.