Кытай коронавирус менен күрөшүүгө миллиарддаган доллар бөлдү

30.01.2020, 11:45 Акчабар
Кытай коронавирус менен күрөшүүгө миллиарддаган доллар бөлдү

Кытайдын каржылык мекемелери коронавирустун жаңы түрүнө каршы күрөшүүгө болжол менен 3,9 миллиард доллар акча каражатын бөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн каржылык мекемелери илдетти көзөмөлдөө жана алдын алууга 27,3 миллиард юань (3,9 миллиард доллар) акча бөлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 170ге жетти. Ал эми 7711 адам илдетти жуктуруп алган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында жаңы вирустун пайда болгону белгилүү болгон. Адистер аны коронавирустун жаңы түрү "2019-nCoV" деп атаган. Кытайдан тышкары илдетти жуктуруп алгандар Гонконг, Макао, Тайван, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия жана Малайзияда байкалган.

Тэги: Кытай коронавирус доллар млрд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу