Кыргызстан менен Кытайдын бажы статистикасындагы маалыматтарындагы айрымачылык 3,6 млрд долларга жакын. Бул тууралуу Айеркен Саймаитиге байланыштуу кырдаалдарды изилдөө жана текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумунда Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев билдирди.
Отурумдун жүрүшүндө депутаттар Алмаз Эргешов, Аалы Карашев, Закир Шарапов, Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Джураевдер Кыргызстан менен Кытайдын бажы статистикасынын маалыматтарындагы дал келбестиктер тууралуу маселелерди белгилешти.
Бажы кызматынын төрагасы, айрымачылык чындыгында бар экендигин тастыктады.
«Маалыматтардагы айрымачылык товарларды эсептөөдө колдонулган ар кандай меттодордон улам чыкты», - деди Алтынбек Торутаев.