Кытай тышкы карыз боюнча Кыргызстандын сунушун четке каккан эмес

01.10.2020, 16:25 Акчабар
Кытай тышкы карыз боюнча Кыргызстандын сунушун четке каккан эмес

Бир катар ММКларда Кытай Кыргызстандын карызын төлөөнү күтө туруу боюнча сунушун четке какты деген маалымат тараган. Бирок, эч кандай аргументтер берилген эмес. 

Каржы министрлиги бул маалыматка өз реакциясын билдирип, мамлекеттик карыз боюнча акыркы фактыларды (2020-жылдын 31-июлуна карата) келтирип, өлкө дефолт алдында турат деген билдирүүнү төгүндөдү.

 

«320 млрд 39.2 млн сом - тышкы карыздын көлөмү. Анын ичинен 200 насыя катары алынса, алардын дээрлик 98% жеңилдетилген шартта, жылына 0.75% - 2% менен 40  жылга чейин мөөнөткө берилген. Европа өнүктүрүү жана кайра иштетүү банкынан тышкаркы алынган тышкы карыздын баардыгы тең белгиленген пайыздык чен менен берилген», — деп белгилешти министрликтен. 

Маалыматтын чын төгүнүн билүү үчүн «Акчабар» Каржы министрлиги менен байланышка чыкканда, эч кандай так жооп ала алган жок. Анын бирден бир себеби, учурда эки өлкө ортосунда карызды терең реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аягына чыга электигинде. Азырынча Кытай тараптан официалдуу жооп келе элек. 

Тэги: Тышкы карыз Кытай Каржы министрлиги реструктуризациялоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу